Коом

Бишкек мэри Кытай Эл Республикасына иш сапар менен барды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытайдын Чандэ шаарына иш сапар менен барды. Ал сапарынын жүрүшүндө электр автобустарын чыгарууга адистешкен CRRC Electric заводун кыдырып чыкты. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.

Маалыматка караганда, сапар экологиялык жактан таза коомдук транспорт жаатындагы заманбап технологиялар менен таанышууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн андан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган.


Сапардын жүрүшүндө заводдун өкүлдөрү менен жолугушуулар жана Бишкекте электр транспортун киргизүү келечеги боюнча талкуулар пландаштырылууда.

Андан тышкары, Бишкекте ушул сыяктуу электр автобус заводун куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button