Коом
Кербенден Бишкекке аба каттамдары жумасына 2 ирет аткарылат

«Asman Airlines» авиакомпаниясы Кербенден Бишкекке аба каттамдардын санын көбөйттү.
Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, каттамдар эми жумасына эки жолу – шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.
Билеттин баасы 3600 сомдон башталат.



