Коом

9-июнга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Күндүз өлкөнүн тоолуу жерлеринде мезгил мезгили менен жамгыр жаап, андан улам  республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтышты.

Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас өрөөнүндө 31…36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37 ысык болмокчу.  Ал эми Ысык-Көл жергесинде аптап 24…29, Нарын чөлкөмүндө 26…31 градуска чыгат. 

Күндүн табы Бишкекте 34…36, Ош шаарында 33…35 градустун тегерегинде болмокчу.

Тектеш кабарлар

Back to top button