Коом

Ошто улуттук драма театрына келген жаш артисттерге батирлердин ачкычы берилди

Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык институтту бүтүрүп, Ош улуттук драма театрына келген 22 жаш актерго бөлүнгөн батирлеринин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы маалымдады.

Калаадагы 96 батирлүү көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Ал турак жайдан жаш актерлордон тышкары, үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө жана үйү шаардагы курулуш иштери үчүн алынгандарга да тапшырылды

«Салтанатта актерлор «50 жыл мурда болгон окуя» аталышындагы театрлаштырган сценканы тартуулашты. Эл артисттери Назира Мамбетова менен Жамила Сыдыкбаева театралдык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө батир берүү 50 жылдан кийин кайталанып жатканын айтып, мэрге ыраазылык билдиришти», – деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button