Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева күйөөсү тарабынан токмоктолгон аял тууралуу билдирди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жазында куйөөсү тарабынан жабыркаган аял тууралуу маалымат берди.
“Мен жеке көзөмөлүмө алган, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 38 жаштагы К.У.нун укугун коргоо иштери уланууда.
Эскерте кетсем, ал чогуу жашаган жаран тарабынан март айында катуу сабалып, бир нече жолу операция болгон.
Зомбулук боюнча маалымат коомчулукка жарыялангандын эртеси күнү жабыркаган аялды чакырып, кабыл алганмын.
Юридикалык жардам кызматы менен бирге аны жактоочу менен камсыз кылганбыз.
Психологдун көмөгү дагы көрсөтүлдү.
К.У. дарылануусун улантууда.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 28 жаштагы жаран кармалган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” (131-беренесинин 2-6өлүмү, 2,4-пункту, 3-6өлүмүнүн 2-пункту) беренеси менен айып тагылып, иши сотко өттү.
Иш 4 — август күнү Ленин райондук сотунда каралат.
Акыйкатчы Институту сотто тараптардын укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт.
Белгилей кетсек, К.У. 2 кичинекей баласын өзү багып келет”,- деп билдирди Жаманбаева.



