Окуялар
Кыргызстанда «Скорпиондун» жоокери шеригин кокусунан атып алган

Коргоо министрлигинин «Скорпион» спецназында контракт менен кызмат өтөгөн жоокер каза болгонун ишенимдүү маалымат булактары кабарлады,- деп жазды “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттиги.
Алдын ала маалымат боюнча, жоокерлердин бири кокусунан шеригин автомат менен атып алган. Ок жеген жоокер ооруканага жетпей көз жумган.
Коргоо министрлиги каргаша болгонун тастыктап, окуя пландык аскердик машыгуу учурунда болгонун айтты.
Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Коргоо министри Руслан Муканбетов ички иликтөөнү көзөмөлгө алды.



