Коом
12-декабрга карата аба ырайы

Бүгүн, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас аймагында +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көлдө +2…+7 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2…+3 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +13…+15 градуска көтөрүлөт.



