Коом
Акын Бактыгүл Сейитбекова уулу Алихан экөө тең акталды

Роза Аманова каматып жиберген ырчы Алихан апасы акын Бактыгүл Сейитбекова экөө тең акталды. Бул тууралуу анын жактоочусу социалдык тармактагы баракчасында жазды.
«Октябрь райондук сотунда ырчы Роза Аманованын Токтогул шаарында жайгашкан базарга байланыштуу алдамчылык фактысы боюнча жазган арызы каралып, ырчы Алиханакталды. Бул иштин айынан Алихан алты айдан ашык СИЗОдо кармалып, үй камагында болчу. Акыйкаттык бар экен», — деп жазган ал.
Маалыматты Октябрь райондук сотунан тастыкташты. «Соттун 11-марттагы чечими менен акталды. Буга кылмыштын курамы жок болгону себеп болду. Ал эми айыпталуучу С.Б. (ред. ырчынын апасы) далилдердин жетишсиздиги үчүн акталып, мамлекеттин пайдасына 500 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды», — дешти.



