Спорт
Прагада өтө турган эл аралык турнирге Кыргызстандык дзюдочулар катышат

27-сентябрдан 28-сентябрга чейин Прага шаарында (Чехия) дзюдо боюнча Prague European Open — 2025 эл аралык турнири өтөт.Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымат берген.
Кыргызстандын атынан Ханболот Ырысбеков, Байбол Саламат уулу (экөө тең 66 кг чейин), Тегин Алмазжан уулу, Чынгызхан Сагыналиев, Адилет Канатбеков (баары 81 кг чейин), Науфал Завражный (90 кг чейин) катышат.
Prague European Open — 2025 эл аралык мелдешине 36 өлкөдөн 465 спортчу келип катышат.



