Коом

Базарда сезондук жашылчалардын баасы төмөндөдү

Айыл чарба министрлиги азык-түлүк продуктуларынын бааларына салыштырмалуу мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматкери маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башынан тартып ун, күрүч, кумшекер жана жумуртка сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын баалары төмөндөп, калктын азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга шарт түзүлгөн.

Июнь айынан сентябрь айына чейин негизги сезондук жашылчалар — сабиз, картошка жана пияздын бааларынын төмөндөгөнү байкалган. Баалардын арзандашы базарда жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн көбөйүшү менен байланыштуу.

Ошондой эле жылдын биринчи жарымында этке болгон баанын көтөрүлүшү байкалган. Мамлекеттик жөнгө салуу жана чектөө чаралардын натыйжасында баанын өсүшү токтотулуп, учурда эт рыногу туруктуу абалда.

2025-жылдын 8-сентябрындагы ири соода түйүндөрүндөгү баалар боюнча кыскача маалымат:

Сабиз — 37,5 сом

Пияз — 32 сом

Картошка — 42 сом

Өсүмдүк майы — 144 сом

Пастерленген сүт — 92 сом

Жумуртка (10 даана) — 85 сом

Кумшекер — 72,9 сом

Капуста — 23,5 сом

Тектеш кабарлар

Back to top button