Дүйнө

Өзбекстанда билим берүү системасы 12 жылдыка өтүүнү пландоодо

Өзбекстанда мектептеги билим берүү системасы 12 жылдык болуп өзгөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн расмий бийлик органдары билдиришкнин чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы система балдардын билим сапатын жогорулатуу жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүү максатын көздөйт.

«Учурда Өзбекстанда мектеп билим берүү 11 жылдык система менен жүргүзүлүп келет. 12 жылдык система акырындык менен киргизилип, ар кайсы этаптар менен ишке ашырылары күтүлүүдө. Билим берүү министрлиги жаңы системанын мазмуну, программа жана окутуу ыкмалары иштерди алып барууда. Анын максаты окуучулардын компетенттүүлүгүн арттыруу жана жогорку билимге даярдоону күчөтүү», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы 2 жылдан бери айтылып келе жаткан 12 жылдык билим берүү быйыл 2025-2026-окуу жылында ишке ашты.

Тектеш кабарлар

Back to top button