Коом

Жазаларды аткаруу мекемелеринде Ак калпак күнү белгиленди

5-март Ак калпак күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдын алкагында соттолгондор жана жашы жете элек тарбиялануучулар үчүн тарбиялык-маданий программалар уюштурулду. Катышуучулар кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпактын тарыхы жана анын эл үчүн мааниси тууралуу баяндама жасап, ырларды окуп, улуттук ырларды аткарышты. Майрамдык маанай комуз күүлөрү жана улуттук баалуулуктарды даңазалаган концерттик номерлер менен коштолду.

Маданий бөлүктөн тышкары, улуттук жана классикалык спорт түрлөрү боюнча мелдештер да уюштурулду. Программага стол тенниси, гиря көтөрүү, таяк тартыш, аркан тартыш, ордо, ошондой эле шахмат жана тогуз коргоол оюндары кирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мындай иш-чаралар улуттук маданиятка жана салттарга болгон урмат-сыйды калыптандырууга, ата-бабалардын мурасын сактоого, ошондой эле соттолгондордун руханий өнүгүүсүнө жана коомго кайра ийгиликтүү аралашуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button