Коом

УКМК: Сүлүктү шаарындагы мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды — Видео

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Сүлүктү шаарынын мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган нан заводу 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жер кодексин бузуу менен ачык аукцион аркылуу жеке менчикке берилгени аныкталган.


Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Сүлүктү шаарында жайгашкан 0.32 га аянты бар заводдун аймагы ыктыярдуу түрдө Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына кайра каттоодон өткөн.


Тектеш кабарлар

Back to top button