Коом

Келерки жумада Жогорку Кеңеш тарашы мүмкүн

Жогорку Кеңеш кийинки жумада өзүн-өзү таркатуу ыктымалдуулугу 99,7 пайызды түзөт. Бул тууралуу парламент депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда көпчүлүгү шайлоого даярданып жатышат.

«Бул ирет шайлоо өнөктүгү кыскартылган режимде өтүп, болгону 20 күндү түзөт», — деди Дастан Бекешев.

ЖКнын депутаты Акбөкөн Таштанбеков парламент тароо боюнча демилгесин көтөрүүгө жетиштүү кол топтолгонун билдирген. Ал Жогорку Кеңеш 25-сентябрга чейин тарап, шайлоо 30-ноябрга белгиленерин кошумчалады. Эл өкүлүнүн айтымында, парламенттин өзүн-өзү таркатуу демилгеси тиешелүү комитетке 22-сентябрга чейин кириши керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button