Спорт

Бүгүн дүйнө чемпионуна Айпери Медет кызы чыгат

Бүгүн, 16-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Айпери Медет кызы мелдешке чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Айпери 76 килограмм салмак ченинде күч сынашат. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, түркиялык балбан Элмира Ясин менен беттешет.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Айпери Медет кызы буга чейин да бир нече эл аралык турнирлерде ийгиликтерди жаратып келген. Бул ирет да күйөрмандар анын жеңишине үмүт артууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button