Спорт
Айпери Медет кызы Хорватиядагы дүйнө биринчилигинде күмүш медаль алды

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль алды.
Финалдык кармашта эквадорлук спортчу Генесис Росангела Валдезди менен кармашып, 2:4 эсебинде жеңилип калды. Балбан кыздар 76 салмак менен таймашты.
Жарым финалда Айпери Европанын чемпиону украиналык Анастасия Алпыевасын 10:5 эсебинде утуп, ага чейин Түркия жана АКШ спортчуларын да ишенимдүү жеңген.
Быйылкы чемпионат Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.
Айпери Медет кызы буга чейин дүйнө чемпионаттарында коло жана күмүш медаль уткан.



