Дүйнө чемпиондугунда Нурзат Нуртаева коло медалга ээ болду

Хорватияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева коло медалга ээ болду. Ал 72 килограмм салмак ченинде күч сынашып, франциялык Полин Лекарпантьени 5:0 эсебинде жеңип, байгелүү орунга жетти.
Нуртаева бул турнирде бир катар күчтүү атаандаштарды артта калтырды. Алгач казакстандык Жамиля Бакбергенованы утуп, чейрек финалга жолдомо алган. Андан кийин америкалык Александрия Гладды 8:4 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Бирок бул баскычта украиналык Алла Белинскаяга утулуп калган.
Муну менен Нурзат Нуртаева кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликтен коло байге уткан үчүнчү кыргызстандык спортчу болуп калды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы, Айпери Медет кызы 2021-жылы ушул жетишкендикке жетишкен.



