Дүйнө
Россияда күйүүчү майдын баасы кымбаттоодо

Орусияда дизель майынын баасы ушул аптада 7,2%га кымбаттап, тоннасы 2023-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу биринчи жолу 70 миң рублдан ашты. Бул тууралуу «Новый день» маалымат агенттиги Петербург биржасынын маалыматтарына таянып маалымдады.
Жума күнү дизель майы Россиянын Европа бөлүгүнүн аймактык индекси боюнча 1,1%га кымбаттап, тоннасы 70 358 рублга жеткен. Бул продукциянын тоннасы акыркы жолу 2023-жылдын сентябрында 70 миң рублдан ашкан, мындан улам Россиянын тарыхында биринчи жолу күйүүчү май экспорттоого тыюу салынган. Аи-92 бензини бир жумада 1,9%га кымбаттап, тоннасы 72 831 рублга, ал эми Аи-95 0,53%га кымбаттап, тоннасы 79 309 рублга жетти.



