Коом

Адылбек Касымалиев Лейлек районуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барып, алгач Лейлек районундагы бир катар объектилерге баш бакты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алгач минкаб башчысы Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен таанышып чыкты.

Маалым болгондой, 2025-жылы терапия бөлүмү авариялык абалга келгендиги үчүн бөлүм жабылып, негизги имараттын экинчи кабатына көчүрүлгөн.

Ошондуктан дарыгерлер неврология жана терапия бөлүмү үчүн өзүнчө имарат куруу зарылчыгын айтышты.

Минкаб башчысы аталган маселени чечүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштарды иштеп чыгууга тапшырма берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button