Коом
№140 бала бакча бузулуп, ордуна көп кабаттуу үй курулабы? Мэриянын жообу

Мындай билдирүүлөр шайлоо учурундагы саясий спекуляция аракети катары бааланат», — деди Бишкек мэри Айбек Жунушалиев.
Бишкек шаардык мэриясы No140 бала бакчадагы абал боюнча түшүндүрмө берди.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, №140 бала бакчаны бузуп, анын ордуна көп кабаттуу үй куруу пландалып жатканы тууралуу маалымат тараган.
«Бул маалымат чындыкка дал келбей турганын расмий билдиребиз. №140 бала бакчаны жабуу же бузуу, анын ордуна көп кабаттуу үй куруу боюнча эч кандай чечим кабыл алынган эмес. Мындай билдирүүлөр шайлоо учурундагы саясий спекуляция болуп саналат. №140 бала бакча штаттык режимде иштеп жатат жана мындан ары да уланат. Шаар тургундарын шаардык мэриянын расмий булактарына гана таянууну суранабыз», — деп билдирди шаар мэри.



