Спорт

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеп турат. Рейтинг Хорватиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен түзүлгөн.

Айта кетсек, Хорватиядагы турнирде кыргызстандык спортчу финалда колумбиялык спортчуга утулуп, 2-орунду алган. Бул жыйынтык Медет кызына дүйнөлүк рейтингдеги 1-орунун сактап калууга жардам берди. Дүйнөнүн жаңы чемпиону, колумбиялык Генесис Росангела Валдез 2-орунга көтөрүлдү. 3-орунду америкалык Кайли Рене Уолкер ээледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button