Коом

Бүгүн Бишкекте IV Элдик курултай башталат

Бүгүн, 25-декабрда IV Элдик курултай башталат.

Элдик курултай эки күнгө созулат.

Ага жалпысынан 700 делегат катышат. Аймактардан шайланып келген делегаттар 24-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда алардын кайрылуулары багыттарына жараша тиешелүү ведомстволорго берилди.

Белгилей кетсек, Элдик курултай 2022-жылдан тартып өткөрүлө баштаган. Быйыл төртүнчү ирет уюштурулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button