Дүйнө
Камерунда президенттик шайлоо болуп өттү
Камерун мамлекетинде президенттик шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазып чыкты.
Маалымат боюнча, добуш берүүгө 12 талапкер, анын ичинде Камерундун азыркы президенти сегизинчи мөөнөткө кайра шайланууга умтулуп жаткан 92 жаштагы Пол Бия да бар.
Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө башталып, 18:00дө аяктаган.
Өлкөнүн Шайлоо кодексине ылайык, шайлоонун жыйынтыгын Конституциялык кеңешме добуш берүү аяктагандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен жарыялайт.
Президенттик шайлоодо добуш берүү бир тур менен өтөт. Эң көп добуш алган талапкер жеңет.



