Коом

3373 жетим балага «Келечекке салым» депозити 500 миң сомдон берди

Кыргызстандагы 3373 жетим балага «Келечекке салым» депозити ачылды. Алардын ар бирине 500 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Эмгек министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарасында белгилеп кетти.

Анын айтымында, бул максатка 500 млн сомдон ашык каражат жумшалган. 2025-жылдын 1-сентябрына карата 21 бала бул салымды пайдаланган.

Аталган каражаттарды билим алуу үчүн же ипотекага алгачкы төлөм катары колдонууга болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button