Коом
Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди. Ал Нарын облусун электр энергиясы менен толук камсыздай алат. Долбоордун жалпы баасы 124 млн. долларды түзсө, анын 88 млн. долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттары насыя катары берет.
ГЭСтин курулушу жүрүп жатканда 1000 адамга чейин жумуш орду менен камсыз болуп, кийин объектиде 100гө жакын жумушчу туруктуу иштейт.



