Дүйнө

Парижде уурулар Наполеон Бонапарттын зер буюмдарын жана башка баалуу буюмдарды уурдап кетишти

Парижде күндүз Лувр тонолду, бул окуя 19-октябрдын таңында болгон. Белгисиз адамдар музейден бир кезде Наполеон Бонапарттын зер буюмдарын жана башка баалуу буюмдарды жети мүнөттүн ичинде уурдап кетишкен.

ММКнын маалыматына караганда, прокуратура «уюшкан уурулук жана кылмыш жасоого кылмыштуу топ түзүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө маданий баалуулуктарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын колдоосу менен жүргүзүлүүдө.

Башкармалыктын акыркы маалыматы боюнча, төрт каракчы болгон, алар беттерин жаап, скутер менен окуя болгон жерден качып кетишкен.

Франциянын Маданият министри Рачида Дати уурдалган буюмдардын бири музейдин жанынан табылганын, сыягы, ал жерде калтырылганын билдирди. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бул Францияны башкарган Наполеон IIIдун жубайы императрица Евгенийге таандык болгон 19-кылымга таандык жана сынган таажы.

Тектеш кабарлар

Back to top button