Спорт
Кыргызстан ФИФА рейтингинде бир тепкич көтөрүлдү

Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 105-орунга чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабар берди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын улуттук курамасы бир тепкичке жогору көтөрүлүп, учурда 1201 упай менен 105-орунда турат.
Уюмдун жаңыланган рейтингинде алдынкы топко Испания, Аргентина, Франция, Англиянын курама командалары кирген.



