Коом

УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев кызматынан бошотулду

УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президенттин басма сөз кызматкери билдиришти.

Маалымат боюнча, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Конституциянын 71-беренесине, “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынып, Тиллебаев Болотбек ээлеген кызмат ордунан бошотулду», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Тиллебаев аталган кызматка 2023-жылдын март айында дайындалган болчу.

Тектеш кабарлар

Back to top button