Коом

УКМК Төрагасы К.Ташиев Ак-Талаа районуна алынган атайын техникаларды тапшырды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында КР Президентинин Турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна алынган атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө УКМК Төрагасына Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу К.Туманбаев маалымат берип, техникалар менен тааныштырды.

Белгилүү болгондой, Кыргыз республикасынын Президентинин турукташтуу фондунан Ак-Талаа районуна 110 млн сом бөлүнгөн.    Мындан улам районго жалпы 13 техника алуу пландалып, анын ичинен 6 айыл чарба жана атайын техникалар келип, алар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы К.К.Ташиев тарабынан тапшырылды.

Аймактардагы жергиликтүү элдин социалдык муктаждыктарын канааттандыруу максатында бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү шарттарды түзүү башкы планда экенин УКМК Төрагасы белгиледи.  Мындан улам, техникалык жана башка муктаждыктарды жоюуга казынадан акча бөлүнүп, аймактарда алгылыктуу иштер жүрүп жатканы да айтылды.

Генерал-полковник К.Ташиев иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга кайрылып, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бир катар социалдык маселелерге токтолду.   

УКМК Төрагасы Ак-Талаа районуна жаңы төрөт үйү, спорт комплекси камтылган ири футбол аянты, ипотекалык үйлөр курула тургандыгын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button