Францияда Лувр музейин тоноого шектелген эки адам кармалды
Франция бийлиги Луврдан падышалык зер буюмдарын уурдоого шектелген эки адамды кармады, деп билдирди жергиликтүү маалымат каражаттары.
Шектүүлөрдүн бири Париждеги Шарль де Голль аэропортунда Алжирге учууга аракет кылып жатканда кармалган. Экинчиси көп өтпөй Париждин чет жакасындагы бир үйдө кармалган.
Шектүүлөрдү сот полициясы уюшкан уурулук жана кылмыш жасоого кутум жасоо боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында камакка алган.
Полиция бул каракчылыкка байланыштуу жалпысынан төрт шектүүнү издеп жаткан. Өткөн жекшембиде төрт киши Луврга күндүзү кирип, Аполлон галереясына алып баруучу балконго чыгуу үчүн жүк ташуучу лифтти колдонушкан. Ал жерден алар француз ханышаларына жана императрицаларына таандык тиараларды, сөйкөлөрдү, шуруларды жана брошкаларды уурдап кетишкен. Алардын бири — императрица Эжени де Монтижонун бузулган таажысы — табылып, музейге кайтарылган. Каракчылыктан келтирилген зыян 88 миллион еврого бааланууда.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, акыркы бир жумада Францияда беш музей тонолгон.



