Коом
Шайлоо: 28-октябрга карата талапкерлердин саны 531ди түздү

КР Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, 531 талапкер арыз тапшырды.
Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу эртең, 30-октябрда аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.



