Коом

Өлкөдө 2030-жылга чейин негизги капиталга инвестицияларды 50 %га көбөйтүүнү көздөйт

Министрлер кабинети 2030-жылга карата негизги капиталга инвестициялардын үлүшүн учурдагы 34 пайыздан 50 пайызга чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү планы өнөр жайды өнүктүрүү, чакан жана орто ишкерликти колдоо, каржы рыногун өркүндөтүү жана региондордун инфраструктурасын модернизациялоо боюнча кеңири чараларды камтыйт.

“Биздин максат — жогорку кошумча нарк жана маанилүү экспорттук потенциалы бар туруктуу, инновациялык экономиканы түзүү”, — деди Амангелдиев.

Негизги багыттардын катарында – аймактарда жогорку деңгээлде кайра иштетүү өндүрүштөрүн түзүүгө негиз болгон индустриалдык технопарктарды жана кластерлерди түзүү турат.

Тактап айтканда, төмөнкүлөр пландалган:

-Чүй облусунда автомобиль заводун куруу, анын ичинде электромобилдерди чыгаруу камтылган;

-Жылына 1 млрд таблеткага чейин дары каражатын чыгаруу кубаттуулугуна ээ фармацевтикалык комплексти түзүү;

-Кара-Кече жана Миң-Кушта өндүрүштү өнүктүрүү;

-К4 жана К5 стандарттарындагы күйүүчү май чыгарууга өтүү менен нефтини кайра иштетүүчү ишканаларды модернизациялоо;

-Геосинтетикалык материалдар, базальт буласы жана жылуулук изоляциясы өндүрүшүн уюштуруу;

-Казакстан менен чек арада индустриалдык-логистикалык комплекстин ачуу.

Тектеш кабарлар

Back to top button