Коом

Мектептердин кышка даярдыгы барбы?

КР Билим берүү уюмдарынын (бала бакчалар, мектептер, чыгармачылык үйлөрү жана билим берүү борборлору) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү жана күз-кыш мезгилине көмүр сатып алуу чыгымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдирди.

Ошондой эле, Баткен облусунун билим берүү уюмдары 2022-жылдан тартып республикалык бюджет аркылуу Агартуу министрлиги тарабынан каржыланып келет.

2025-жылга карата республикалык бюджеттен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү уюмдарына (айрым мектепке чейинки уюмдар, бардык түрдөгү мектеп-интернаттар, мектептен тышкаркы мекемелер, балдар үйлөрү) көмүр даярдоо үчүн 156,5 миллион сом каралган. Анын ичинен Баткен облусуна — 121,4 миллион сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата жалпы билим берүү уюмдарына 103,3 миллион сом, анын ичинен Баткен облусуна 92,4 миллион сом каражат бөлүндү.

Мындан тышкары, 2025-2026-жылдардын жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү максатында Агартуу министрлиги тарабынан Баткен облусунун жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2025-жылдын бюджети аркылуу кошумча 45,4 миллион сом бөлүнүп, бул каражат мектептердин от казандарын оңдоп-түзөөгө багытталды.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы республика боюнча 95 487,19 тонна көмүр ташылып, көмүр кампаларга түшүрүлдү. Ал 71,04 пайызды түздү.

Тектеш кабарлар

Back to top button