Коом

Кыргызстандан Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду

Бүгүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Кыргызстандан Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыма боюнча, Лейлек районунун Чеш-Дөбө жергесинде мамлекеттик чек арадан  болжол менен бир чакырым аралыкта белгисиз 5 адам малды мыйзамсыз айдап өтүп жатканы аныкталган.

Ыкчам чаралардын жыйынтыгында чек арачылар тарабынан аткезчилик жол менен өткөрүү аракет кылынган 67 баш ири мүйүздүү мал кармалды.

Мал мындан аркы процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүшү үчүн белгиленген тартипте чек ара тарамына алып келинди.

Тектеш кабарлар

Back to top button