Өлкөдө жайылып жаткан оорунун 91%ти Гонконг сасык тумоосу экени белгилүү болду

Кыргызстанда өткөн жумада аныкталган сасык тумоо учурларынын 91%дан ашыгы Гонконг сасык тумоосу катары белгилүү болгон А/H3N2 штаммына туура келген. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдө 17-23-ноябрь күндөрү 13 миң 54 адамдан респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо катталган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, учурда өлкөдө төмөнкү вирустар бар: А/H3N2 сасык тумоосу — 91,3%, B сасык тумоосу — 3,8%, COVID-19 — 4,8%. Гонконг сасык тумоосу (H3N2) — бул 1968-жылы биринчи жолу Гонконгдо аныкталган А тибиндеги сасык тумоо вирусунун курч респиратордук кичи түрү.
H3N2 штаммы көбүнчө башка типтеги сасык тумоолорго салыштырмалуу оорунун оор өтүшүнө алып келет. Адистер бул штаммдын тез жайылууга жөндөмдүү экенин белгилеп, жарандарды сактык чараларын көрүүгө чакырышат. Тобокелдик тобуна улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар, эки жашка чейинки балдар, өпкө, жүрөк жана кан тамыр, бөйрөк ооруларынын өнөкөт түрү менен жабыркагандар кирет.
Гонконг сасык тумоосунун инкубациялык мезгили өтө кыска — жуктуруп алгандан баштап биринчи белгилери пайда болгонго чейин болгону 1-2 күн өтөт. Белгилери: — дене табы жогору болот; — катуу алсыздык; — булчуңдардын жана муундардын оорушу; — тамактын кычышуусу; — кургак жөтөл жана дем алуу системасынын бузулушу. Бул сасык тумоо ар кандай органдарда экинчи бактериялык инфекциялардын пайда болушун шартташы мүмкүн. Медиктер эмдөөдөн өтүүнү, гигиенаны сактоону жана байланыштарды чектөөнү сунушташат.



