Саясат
№13 округда кайра шайлоо качан болору айтылды

Мыйзамдын алкагында бир айдын ичинде №13 шайлоо округу боюнча жаңы шайлоонун датасын дайындашыбыз керек, ал эми эки айдын ичинде шайлоону өткөрүшүбүз зарыл, — деди БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров журналисттерге.
БШК мурда билдиргендей, конституциялык мыйзамга ылайык, №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан бардык талапкерлерди кайрадан көрсөтүүгө жол берилбейт.

Эми аталган округда жаңы көрсөтүлгөн талапкерлер менен кайрадан шайлоо өтөт.



