Коом

Кыргызстандын 15 жараны Орусиядан мекенине кайтарылат

Жакынкы күндөрү Россия Федерациясынан убактылуу кармоо жайларында кармалып турган Кыргызстандын 15 жараны мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын ИИМине караштуу чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышкан. Азыркы учурда аталган мекемеде Кыргызстандын 40 жараны кармалып турат. Консулдук кызматкерлер алар менен жолугушууларды өткөрүп, зарыл юридикалык жардам көрсөтүштү.

Маалыматта белгиленгендей, жакын арада 15 кыргызстандык авиакаттамдар аркылуу Кыргыз Республикасына депортацияланат.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө «Асбестовский» бөлүмүндө дагы сегиз кыргызстандык кармалып турганы аныкталган.

Башкы консулдук чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button