Коом

УКМК: Өзгөн районунда 1,94 гектар жерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.     

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Өзгөн районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады, алар кызыкдар жарандарга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүүгө байланыштуу болгон.

Азыркы учурда бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо багытында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button