Коом

Кайгуул кызматы айдоочуларга эскертет: Бишкектин айрым көчөлөрү бир тараптуу болуп өзгөрдү — ВИДЕО

Бүгүндөн тартып расмий түрдө Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн Киев көчөсүнөн тартып, Чүй көчөсүнө чейинки бөлүктөрү бир тараптуу болду. Эртеңден баштап, Шопоков көчөсү бир тараптуу болот. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда Логвиненко көчөсү  Чүй көчөсүнөн тартып, түштүктү карай бир тараптуу, ал эми Панфилов көчөсү Чүй көчөсүнө чейин түндүктү көздөй бир тараптуу болду.  

Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө           бөлүмү тарабынан баардык жол белгилер орнотулуп, расмий түрдө каттам жүрүүдө.

Ошол эле учурда кайгуул кызматы азырынча айдоочулар көнүп, адаптация болмойнча бир-эки күн эреже бузган айдоочуларга протокол түзбөй эскертүүжана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button