Коом

Юстиция министри Аяз Баетов Гонконгдун Юстиция департаменти менен биргеликте уюштурулган UNCITRALдын 6-Саммитине катышты

Пленардык сессиянын жүрүшүндө Юстиция министри Аяз Баетов сот адилеттүүлүгүнө санариптик жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомдун ишенимин бекемдөөгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу баяндама жасады. Процессуалдык мыйзамдарга киргизилип жаткан негизги өзгөртүүлөр, анын ичинде видеоконференц-байланышты жана онлайн-сот отурумдарын киргизүү, процесске катышуучуларды электрондук ыкмалар аркылуу кабардар кылуу механизмдерин кеңейтүү, ошондой эле электрондук сот иштерин өнүктүрүү маселелери сунушталды.

Саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетовдун Гонконгдун Юстиция катчысы Пол Лэм Тинг-Квок, ошондой эле Эл аралык медиация уюмунун Башкы катчысы Тереза Ченг менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. Жолугушууларда англис укугунун принциптерине жана медиацияга негизделген талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү механизмдерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Өзүнчө Гонконгдун жалпы укук тутумунун (common law) принциптерине негизделген талаш-тартыштарды чечүү боюнча тажрыйбасын изилдөө маселеси каралды.

Гонконг англис укугуна негизделген эң өнүккөн жана туруктуу юрисдикциялардын бири болуп, сот бийлигинин көз карандысыздыгын, коммерциялык укук тармагындагы адистешүүнү жана жогорку кесипкөйлүккө ээ арбитраждык секторду айкалыштырат.

Ошондой эле медиация боюнча Сингапур конвенциясын ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жакынкы арада Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 242 Мыйзамына ылайык улуттук мыйзамдарга Конвенциянын жоболорун имплементациялоо боюнча иш башталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button