Окуялар

Ала-Арчада бутун кокустатып алган жаран куткарылды

Ала-Арчада бүтүн кокустатып алган эс алуучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында жайгашкан шаркыратма тилкесине эс алууга чыккан эркек киши бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ала-Арча паркында нөөмөттө турган Эдельвейс куткаруу кошуунунун 3 куткаруучусу тартылып, 45 жаштагы М.Н. аттуу жаранды Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркаган жарандын абалы туруктуу экени айталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button