Спорт
Млн сомдон атайын сыйлыктар. Футбол тармагындагы жыл мыктылары аныкталды

19-декабрда Бишкекте KFU Football Awards 2025 аземи өтүп, анда Кыргызстандын футбол тармагындагы жыл мыктылары аныкталды.
Иш-чарага Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев жана футбол коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Салтанатта төмөнкү номинациялар боюнча мыкты оюнчулар аныкталды:
- “Кыргызстандын 2025-жылынын мыкты футболчусу” — Эржан Токотаев, 170 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты футзал оюнчусу” — Шохрух Махмадаминов, 90 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты аял футболчусу” — Нагима Туралиева, 90 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты жаш футболчусу” — Кими Мерк, 90 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты футбол машыктыруучусу” — Эдмар Ласерда, 170 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты футзал машыктыруучусу” — Луис Бернат Молина, 70 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты аялдар футболунун машыктыруучусу” — Антонио Меса, 70 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты футбол калысы” — Эрланбек Осмонов, 50 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты футзал калысы” — Нурбек Арстанбек уулу, 50 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты футбол клубу»” – “Барс” футбол клубу, 50 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты аймактык уюму” — Чүй облусунун футбол ассоциациясы, 50 миң сом;
- “2025-жылдын мыкты спорттук уюму” — “Мурас” окуу-машыктыруу базасы, 50 миң сом.
Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2025-2034-жылдарга футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык айрым номинациялар боюнча бир миллион сомдон атайын сыйлыктар ыйгарылды.



