Окуялар

Кыргызстандан телефон уурдап, чет өлкөлөргө сатып жүргөн топ кармалды

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында куралчан чөнтөк уурулар аркылуу, кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефондорду коңшу өлкөлөргө сатуу менен алектенип жүргөн шектүү топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул боюнча милицияга ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 217- беренеси (Кылмыш жолу менен алынгандагы мүлктү сатып алуу же сатуу) жана 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 20 жаштагы И.К. аттуу жана 27 жаштагы А.Ш. аттуу шектүүнү кармашкан. Алар бир нече жолу ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолушканы аныкталган.

Кармалгандар Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүлөрдү №1 тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Тергөө маалында уурдалган уюлдук телефондорду өлкөдөн сыртка алып чыгууга шаардын соода-сатык борборлорунда иштеген башка адамдар көмөктөшкөнү такталган. Алар телефондордун сериялык номерлерин оңдоо, телефондордун баасын баалоо жана башка кемчиликтерин аныктап, жабдууларды уурдаган чөнтөк уурулар менен тыгыз байланышта иштеп келишкен. Топтогулардын бири чөнтөк уурулар менен алдын ала божомолдонгон дарекке түнкү убакытта барып, уурдалган уюлдук телефон, планшет, ноутбуктарды ижарага алган автоунаасы менен алып кетип турган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер 360 даанадан ашык уюлдук телефондорду, ноутбуктарды жана планшеттерди табышты. Алардын жалпы наркы 7 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

Учурда алынган техникалардын кожоюндарын аныктоо, ошондой эле кылмышка катыштыгы кылмышкерлерди кармоо боюнча бардык иш-чаралар жүгүзүлүп жатат.

Милиция аталган кылмыштуу топтон жабыр тартып, телефондорун уурдатып жибергендер болсо 0(707) 757-551, 0(702) 07-12-63 же 102 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюусун өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button