Коом

Бишкекте жаңы жыл түнү 300 автобус түнкү 2ге чейин иштейт

Бишкекте 1-январга караган түнү 300 автобус түнкү 2ге чейин иштейт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Жаңы жыл күнү калаанын тургундары үчүн Ала-Тоо аянтында маданий иш-чаралар өтөт.

“Майрамдык кечеге келген жана жалпы шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттор штаттык режимде иштейт”,-деп белгиледи ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button