Спорт

MMA Junkie порталы Валентина Шевченкону жылдын эң мыкты аял мушкери деп атады

Белгилүү америкалык спорттук MMA Junkie порталы 2025-жылы кыргызстандык Валентина Шевченкону жылдын эң мыкты аял мушкери деп тааныды.

Өтүп бара жаткан жылы Валентина Шевченко франциялык Манон Фиорону жана кытайлык Вейли Чжанды калыстардын чечими менен жеңип, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиондук титулун коргоп калды.

Валентина Шевченко ММАда жалпы 30 беттеш өткөрүп, алардын 25инде жеңишке жеткен. Ал салмак категориясына карабастан UFCдеги аял мушкерлердин рейтингинде биринчи орунда турат.

Буга чейин ал ESPN басылмасынын версиясы боюнча жылдын мыкты спортчусу деп табылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button