Окуялар

Шайырбек Ташиевди камакта кармоо мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевди камакта кармоо мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Белгилей кетсек, Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ААК боюнча кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүп жатат.

Ага карата кылмыш ишин козгоого Салык кызматынын иликтөөсү негиз болгон. Ага ылайык, мамлекеттик ишкана көмүскө ортомчулук схемалары жана чийки заттарды күмөндүү эсептен чыгаруу аркылуу 4 миллиард сомдон ашык зыян тарткан.

Эске салсак, Шайырбек Ташиев 1-апрелде коррупцияга шектелип кармалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button