Алкоголь, тамеки ташууда санарип пломбалар милдеттүү түрдө колдонулат

Бүгүн алкоголь жана тамеки продукциясын экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө системасын киргизүүгө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын даярдоо боюнча жыйын өттү.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 11-февралдан тарта алкоголь жана тамекинин экспорт-импортунда ЕАЭБдин навигациялык пломбалары милдеттүү колдонулары маалым болду.
«Автоунааларды навигациялык пломбалоонун негизги максаты — декларацияланган товарлардын сакталышын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу. Бул мамлекеттик чек арадан өтүүнү тездетүүгө жана бизнестин жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет», — деди Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков.

Быйыл ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында товарлар навигациялык пломбалардын жардамы менен туруктуу көзөмөлдүн алдында ташылмакчы. Бул ЕАЭБдин «акылдуу» пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуусуна жана Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык ишке ашат.
Көзөмөл автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу ташылуучу алкоголь продукциясына, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат.
Навигациялык пломба — жүктөрдү ташууда колдонулган электрондук көзөмөл каражаты. Ал кадимки пломба сыяктуу жүктү мөөрлөп, кайда бара жатканын жана ачылган-ачылбаганын автоматтык түрдө көзөмөлдөйт.



