Коом

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу өнөктүгүнүн убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу белгисиз мөөнөткө узартылды. Бул тууралуу «Унаа» мекемесинин жетекчисинин орун басары Толубай Жакишев маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин акыркы мөөнөт 15-февралга чейин деп белгиленген.

«Кечээ бул чектөө алынды. Айдоочулардан шашылбоону суранат элем. Документтер Кыргызстанда басылып чыгарылат, ошондуктан бланктардын тартыштыгы жаралбайт», — деди Жакишев ОшТВге берген маегинде.

Ал ошондой эле мөөнөтү чектелбеген айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 083 формасындагы медициналык маалым кат талап кылынбай турганын эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button