Коом

Бишкекте туурасы 28 метр болгон көпүрө куруу пландалууда

Бишкекте Шабдан баатыр жана Сагымбай манасчы көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жаңы көпүрө куруу пландалууда. Курулуштун туурасы 28 метрди түзөт. Бул тууралуу бүгүн мэр Айбек Жунушалиевдин көчмө жыйынында белгилүү болду.

Калаа башчысы шаарды кыдырып бир катар негизги инфраструктуралык объектилердеги иштердин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, жаңы көпүрөнүн курулушу Бишкектин жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button