Коом

2025-жылы Бишкек шаарында автобустардын 144 айдоочусу жумуштан бошотулган

2025-жылы Бишкек шаарында ар кандай себептерден улам муниципалдык автобустардын 144 айдоочусу жумуштан бошотулган. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде № 2 автопарктын, «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Артур Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, жумуштан алынгандардын ичинен 57 адам «кара тизмеге» киргизилген.

«Алар белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин да бизге кайтып келип кайра ишке орношо алышпайт, ошондой эле башка муниципалдык кызматтарда — анын ичинде “Тазалык”, “Бишкекзеленстрой” жана башка ишканаларда да иштей алышпайт. Мисалы, кызыл жарыктан өткөнү үчүн жумуштан бошотулушу мүмкүн, анткени бул жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу болуп саналат», — деди Артур Өмүрзаков.

Ал кошумчалагандай, айдоочулар менен дайыма жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, бирок ошого карабастан, арасында жоопкерчиликсиз жарандар калууда.

«Таасир этүүнүн башка чаралары жок, биз аларды атып же башка нерсе кыла албайбыз. Бардык мүмкүн болгон административдик чараларды колдонобуз, анын ичинде жумуштан бошотууга чейин. Шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү автобустун айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин сактап жатышканын текшерүү максатында эл көп түшкөн аялдамаларда рейддик иш-чаралар өткөрүлөт. 2025-жылы ушундай 150гө жакын текшерүү жүргүзүлдү», — деп белгиледи башкы инженер.

Тектеш кабарлар

Back to top button